Базар-Коргондо милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
- 3 недели мурун
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгында милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 12-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) пара берүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.
Анда, тергөөгө чейинки текшерүү материалынын алкагында суралып жаткан К. Б. аттуу жаран айыбын мойнуна алып, мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп, каралып жаткан текшерүү иши боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып берүүнү суранып, бир нече жолу бөлүм башчыларынын бирине пара кабыл алууну сунуштаган.
Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 13-июнь күнү атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө кызматы, Базар-Коргон РИИБдин ыкчам кызматкерлери менен бирге кызматтык бөлмөдө 80 миң сом пара сунуштаган шаардык мээриясына караштуу муниципалдык ишкана башчысы 1978-жылы туулган К.Б. кармалган.
Шектүү Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Сүрөттө: шектүү. ИИМ басма сөз кызматы