Өспүрүм кызды зордуктоого шектүү милиция кызматкери кармалды

  • 2 месяца мурун

Мектеп окуучусун зордуктоого шектүү участкалык милиция кызмактери кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.   

Баштапкы маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өспүрүм кыз участкалык милиция кызматкери аны зордуктагандыгы боюнча арыз менен кайрылган.  

Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шектүүнү кармаган.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 12-декабрда окуучу кызды зордуктоого шектүү А.у.А Бишкектеги СИЗО-1 убактылуу абак жайына 2026-жылдын 11 -февралына чейин камакка алынганын билдирди.

Ага өспүрүм кызды зордуктоо боюнча айып тагылууда.    

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты