Батумиде орус кемесине каршы кайрадан нааразылык акциясы өттү

  • 9 месяцев мурун

31-июлда орус туристтери менен кайтып келе жатып Грузиянын Батуми портуна токтогон Astoria Grande круиздик лайнерине каршы кайрадан нааразылык акциясы өттү.

Бул тууралуу «Эхо Кавказа» басылмасы жазып чыкты.

Эртең менен студенттер, оппозиция өкүлдөрү жана жарандык активисттер Батуми портуна чогулушту. «Рустави 2» телеканалынын маалыматына караганда, акция катышуучулары менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, кеминде 10 киши кармалды.

Бортундагы 800дөн ашуун туристтин көбүн орус жарандары түзгөн Astoria Grande лайнери Сочи-Трабзон-Батуми-Амасра-Стамбул-Сочи багыты боюнча саякаттап жүрөт. Ал Батуми портуна 27-июлда да токтогон. Анда Батуми менен Тблисиде нааразылык акциялары өткөн.

Акция катышуучуларына айрым орусиялыктардын грузин журналисттеринин суроосуна берген жооптору жаккан эмес. Интервьюда туристтер Орусиянын 2008-жылкы Грузиядагы аракеттерин колдой тургандыктарын айтышкан. Алардын бири «Орусия Абхазияны грузиндерден бошотконун» билдирсе, дагы бири Абхазияга барып келгенин айткан.

Ошол эле күнү бир нече жарандык активист Тбилиси шаарындагы парламенттин алдына чогулуп, Орусиянын желегин өрттөшкөн.

2008-жылы Грузия менен болгон «беш күндүк согуштан» кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган.

Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган жер деп эсептейт.

Сүрөт: Батуми портундагы нааразылык акциясы. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты