«Батукаев иши»: Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын кароо кийинкиге жылдырылды

  • 2 года мурун

Жогорку сот «Батукаев иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароону кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, ишти кароочу судьялардын бири ооруп калган.

Жогорку сот отурум кайсы күнгө жылдырылганын азырынча кабарлай элек.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жогорку сот «Батукаев ишин» 2021-жылдын 22-декабрында кайра карай турганын билдиришкен, кийин сот отуруму ушул жылдын 17-январына жылдырылган.

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары «Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган» деген негиз менен Жогорку сотко арызданышкан. Натыйжада, адвокаттардын арызы канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты