Баткенде мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  тарабынан өлкөдө контрабандалык ишмердикти аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө 680 даана уюлдук телефон салынган 10 куту контрабандалык жүк табылган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

22-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү Ш.К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Унааны кароо учурунда ичинен 680 даана уюлдук телефон салынган 10 куту контрабандалык жүк табылган.

Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү. Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты