Баткенде мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелери кайтарылды   

  • 2 месяца мурун

Баткен шаарында шаар бийлиги тарабынан мыйзам бузуу менен турак жай куруу үчүн мыйзамсыз трансформацияланган 1,44 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан белгиленген жер тилкелерине каттоо жүргүзүлүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелеринин ээлери сметалык баасы 20 млн 160 миң сомду түзгөн 24 жер тилкесин өз ыктыяры менен Баткен шаардык мэриясынын балансына кайтарып берди.

Баткенде мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелери кайтарылды   

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты