Баткенде чек ара жаңжалынан улам жабылган мектептер өз ишин жандантты

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык жана Таш-Тумшук айылдарында соңку чек ара жаңжалынан улам убактылуу жабылган мектептер жана бала бакчалар өз ишин жандантты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Окуучулардын коопсуздугун балдар менен иштеген инспекторлор көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Аталган аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жарат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Соңку жаңжалдан улам чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн жана айрым тургундары үйлөрүнө кайра баруудан кооптонуп жатканын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты