Баткенде “Баяман баатыр” базарынан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы билдирүүсү боюнча, Кадамжай районунун Полотхан айылында жайгашкан “Баяман баатыр” базарында өрт чыккандыгы тууралуу саат 4:29да маалымат түшкөн.

Жерине саат 4:32де Кадамжай шаардык №76 ӨККБдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, кошумча күч катары саат 4:48де Кыргыз-Кыштак айылынан 1 күжүрмөн эсеп, саат 4:59 жана 5:03тө 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Жеринде жалпы 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барып, саат 5:36да чектөөгө алынган. Тилсиз жоо саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Бул боюнча кошумча маалымат берилери белгиленди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты