Баткенде аткезчиликке шектүүлөр кармалды

  • 1 год мурун

Баткен облусунда контрабандага шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Баткен облусунун Араван районунда 1999-жылы туулган С.Н. жана 1971-жылы туулган М.Г. баңгизат каражатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелүүдө.

Тажикстан. Кыргызстан, Өзбекстан чек аралары аркылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарын жөнөтүү боюнча эл аралык кылмыштуу топ түзүлгөн. Алар жалпы суммасы 6 млн даанадан ашык тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын 15040 даанасын жөнөтүү учурунда кармалган.  

Шектүүлөргө кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси, экономикалык контрабанда боюнча кылмыш иши козголуп, иш улантылууда.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты