Баткенде 3,5 баллга жеткен жер тититрөө катталды
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 21:52де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү