Баткен: Жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда  

  • 2 года мурун

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Баткен районунун Рават айылына көчүрүлүүдө.

Ошондой эле, Жака-Өрүк, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына көчүрүлүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары Лейлек районунундагы туугандарына жеке унаалар менен эвакуацияланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча жарандарды кабыл алууга даярдыктарды көрүүдө. Эвакуациялоо жумуштарына 90дон ашуун куткаруучу тартылды.

Баткен облусунун жарандык коргонуу кызматтары “Өзгөчө кырдаал” режимине өткөрүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты