Баткен транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды

  • 2 года мурун

Транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, салмактык-габариттик көзөмөлдүн ченемдерин бузуу менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

“Көк-Талаа” ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилген, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө акча өндүрүп алуу фактылары аныкталган.

2021-жылдын 13-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, пара катары акча каражатын алган деген шек менен транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы — З.С.А. жана “Көк-Талаа” ТКПнун башкы инспектору М.Э.Э. кармалган. Кармалгандар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты