Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея ойнотуу боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Анда бир нече жылдан бери  мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган.

Ал эми лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Бир эле турунда турунда 2800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаа, кыймылсыз мүлк да ойнотулган.

Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын болгон.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, уюштуруучулар лотереядан автоунаа утуп алган делген талапкерлерди тартууга барышкан, бирок иш жүзүндө алар утушту албай, муну менен башка катышуучуларды адаштырышкан.

 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга ылайык,

кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты