Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду

  • 1 месяц мурун

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Тажикстан аймагынан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүп, Баткен облусу аркылуу транзиттик жол менен ташып, андан ары Өзбекстанга өткөрүүгө даярданып жаткан уюшкан топ тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде, Кадамжай районунда «Хундай Соната» автоунаасынын айдоочусу — Баткен районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.С. кармалган.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн автоунаасына тинтүү жүргүзүлүп, анын ичинен 10 даана баштыкчага оролгон, өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшош зат табылып алынган. Алынган затка жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын жалпы салмагы 9 кг 908 грамм 8 миллиграмм гашиш аныкталган.

Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты