«Баткен-комфорт» базарынын башкы директору, орун басары жана бухгалтери кармалды

  • 5 месяцев мурун

«Баткен-Комфорт» базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес, ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалды. Чогулган акчалар жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт.

Ошол эле учурда ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салык төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес.

Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% га жогорулаткан.

Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган.

9-декабрда 1963-жылы туулган Ш.М.А., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары,, 1977-жылы туулган Т.Б.Б., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директору, 1958-жылы туулган С.О.Н., “Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК белгилегендей, “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, КР мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты