«Баткен» бажысынын улук инспектору пара берүүгө шектелип кармалды
- 11 месяцев мурун
- Видео
26-августта пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында, 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын улук инспектору, бажы кызматынын майору К.Г.Б. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган бажы кызматкери бажы кызматынын «Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын» кызматкерине кызматтык иликтөө боюнча оң чечим чыгарып берүүсү үчүн пара берген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Баткен» бажысынын улук инспектору, бажы кызматынын майору К.Г.Б.га кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн (пара берүү) негизинде айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




