Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтинги: Кыргызстан 72-орундан 122-ге төмөндөдү

  • 1 год мурун

Басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 122-орунга түштү.

Бул тууралуу «Reporters Without Borders» («Чек арасыз кабарчылар») уюму жарыялаган баяндамада айтылды.

Өткөн жылы өлкө 72-орунда болчу.

 «Өкмөт дагы эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, өз таасирин жеке маалымат каражаттарына жайылтууга аракет кылууда. Бирок белгилүү бир деңгээлде плюрализм бар, муну 24.kg, Kaktus.media жана Kloop.kg өңдүү маалымат сайттарынын популярдуулугу, ошондой эле иликтөө жана дата журналистиканын өсүшү далилдеп турат. Акыркы жылдары медиа тармагы кеңейип, 50дөн ашык телекомпаниялар бар. Радио жана телевидение өлкөдөгү жаңылыктардын негизги булагы болуп саналат” деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты