Басма сөз эркиндиги күнү: Бийлик өкүлдөрү жыйынга келген жок  

Басма сөз эркиндиги күнү: Бийлик өкүлдөрү жыйынга келген жок  

Бүгүн, 3-майда, дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата “Хаят” мейманканасынын залында Тегерек стол өтүп жатат. Анда ЖМК өкүлдөрү — журналисттер, редакторлор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстанда адам укугунун корголушу жана сөз эркиндиги тууралуу сөз сүйлөп, маселени талкуулап жатат. Бирок Тегерек столго президенттик администрациянын өкүлдөрү чакырылганына карабастан келишкен жок.   

Жыйынга катышуучулар бүгүнкү күндө өлкөдө демократиялык принцип жана баалуулуктардан артка кетүү, бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым болуп жатканы белгиленди. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы мыйзамдар кабыл алынып, журналисттерди негизсиз кармоо, өлкөдөн чыгарып жиберүү фактылары, сайттарды бөгөттөө, редакцияларга, журналисттерге коркутуулар болуп жатканы тууралуу сөз болду.  

«Азаттык Медиасынын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча соттун чечими чыгарылып, ЖМКга чабуул токтобой келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты