Башкырстандагы митингдин катышуучуларына кылмыш иши козголду (видео)

Башкырстанда экоактивист Фаил Алсыновдун соту өткөн Баймак шаарындагы митингдин катышуучуларына «Жапырт башаламандык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу «Башинформ» басылмасы республиканын Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Рафаил Диваевге шилтеме кылып кабарлады.

Диваев басылмага берген комментарийинде «жапырт башаламандыктар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин жана бул берене боюнча жаза өтө оор экенин» белгиледи. «Эсиңерге келип, жашооңорду бузбагыла деп кеңеш берет элем. Анан да бардык талаштуу маселелерди мыйзамдуу жол менен чечүүгө болот» деди ал.

Кармалгандар «Жапырт башаламандык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылса 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин «Азаттыктын» татар кызматы Башкырстанда митингге чыккандарды полиция күч менен таркатууга аракет кылып, ортодо кагылышуу болгонун жазган. «Верстка» басылмасы 15 киши жаракат алганын жазса, «Пруфы» басылмасы 40 адам дарыгерлерге медициналык жардам сурап кайрылганын кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы Баймактагы «жапырт башаламандык» учурунда бир нече полиция кызматкери жаракат алганын билдирди.

«ОВД-Инфонун» маалыматы боюнча, Баймактагы акция учурунда кармалган алты киши камакка алынды. Денис Скворцов, Фанзил Ахметшин, Юлай Аралбаев, Радмир Мухаметшин жана Дмитрий Петров 10 суткага, Ильнар Галин 13 суткага камалды. Булардын баарына «Чогулуштарды, митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча айып тагылган.

Фаил Алсыновду сот имаратынан Белорецк шаарына алып кетишкенден кийин акция катышуучулары тарап кетишти.

17-январда Башкырстанда жергиликтүү экоактивист, Куштоо тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга соттолду.

Ага «Жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» беренеси менен иш козголгон.

Прокурор соттон активистти төрт жылга жатак абакка кесүүнү өтүнгөн.

Иш Баймак райондук сотунда жабык каралды. Соңку күндөрү ал жерде миңдеген адам чогулуп, Алсыновго колдоосун билдирип жатышкан. Өкүм жарыяланып жаткан учурда да соттун алдында бир нече миң киши топтолуп, «Боштондук!» жана «Фаил, биз сени менен!» деп кыйкырып турушту.

Активист өзү тагылган айыптоону четке кагып келет.

Алсынов мурда «Башкыр» деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусиянын бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты