Башкы прокурор Асаналиевге юстициянын генерал-майору наамы ыйгарылды
- 2 месяца мурун
Максат Асаналиевге “юстициянын генерал-майору” атайын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалымат президенттин сайтында жарыяланды.
Максат Асаналиев — Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп 2024-жылы 5-июнда дайындалган. 47 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылынын кулуну. Ош облусунун прокурору кызматында, башкы прокуратурада, Улуттук коопсуздук системасында иштеген.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү