Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, башкы прокуратуранын жаңы имаратын курууга мезгил кутусун салды.
Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.
Садыр Жапаров башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу мыйзам үчүн кызмат кылган, кылмыштуулук менен күрөшкөн, жарандардын укугун коргогон кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга жасалган маанилүү кадам экенин айтты.
Маалыматта айтылгандай, жаңы административдик имарат жети кабаттуу болот, жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзөт, ал заманбап жабдуулар менен жабдылат. Имаратта кеңсе бөлмөлөрү, чакан жана чоң залдар жана 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг ойлонуштурулган.
Курулуш иштери президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми курулушту аяктоо жана пайдаланууга берүү эки жылдык мөөнөткө пландаштырылган.

Сүрөттөр: president.kg