Бангкок шаарында жарандык коомдун дүйнөлүк ири жолугушуусу өттү

Тайланддын борбору Бангкок шаарында дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 1000ге жакын адамды чогулткан Жарандык коомдун эл аралык жумалыгы өттү.

Иш чаранын уюштуруучулары — Жарандык коомчулуктун глобалдык альянсы CIVICUS жана Азиялык демократиялык тармактын (ADN) маалыматтарына караганда, иш-чара 120га жакын талкууларды өзүнө камтыды. 

Иш-чарада бул жумалык дүйнө жүзүндө жарандардын эркиндиги оор кырдаалга туш болуп, эркиндиктер чектелип жаткан учурда өтүп жатканы белгиленди. Маалыматтарга караганда, 198 өлкөнүн 116сында жарандык коом олуттуу чабуулдарга, ой-пикирлер, сөз эркиндиги чектөөлөргө дуушар болуп жатат.

Бангкок шаарында жарандык коомдун дүйнөлүк ири жолугушуусу өттү

Азиялык демократиялык тармактын генералдык директору Ичал Суприадинин айтымында, жарандык коом биргеликте гана авторитаризмге каршы тура алат.

“Бул жолугушуу жөн гана иш-чара эмес, бул дүйнө жүзүндө өсүп бараткан авторитаризмге, адилетсиздикке каршы туруу декларациясы. Биздин миссиябыз — тоскоолдуктарга карабай, демократияны коргоо жана аны алдыга жылдыруу».

«Демократияны биргеликте алдыга жылдыруу зарыл, демократия гана биздин укуктарыбызды коргой алат жана авторитаризмге каршы туруп, Мьянма, Афганистан, Палестина сыяктуу жана башка өлкөлөрдө гуманизмди, тилектештикти алдыга жылдырууга колдоо көрсөтөт” деди Ичал Суприадини.

Жарандык коомчулуктун глобалдык альянсы CIVICUSтун жетекчиси Мандип Тивана дүйнөдө жарандык коом өткөөл мезгилди башынан кечирип жатканын айтты. 

“Биз бүгүн оор, өткөөл мезгилди басып өтүп жатабыз. Укукка каршы күчтөр биз ушунча убакыттан бери эмгек кылып чогулткан демократиялык нормаларды, системаларды, эркиндиктерди жок кылууга аракет жасап жатышат».

Бирок биз — күчтүүбүз. Биз бул иш-чараны уюштуруп жатканда Бангкокко 400 адамды чогулта алар бекенбиз деп ойлондук эле. Андан кийин 500гө көбөйттүк, анан 600гө, дагы 800гө, эми жыйынтыгында 1000дей адам келип отурат. Андан дагы көп адам бизди онлайн карап жатат. Ушул жерде отурган адам укуктары үчүн, демократиялык баалуулуктар үчун күрөшкөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Бул жакка бийликтегилерге чындыкты айтып, коррупциялык схемаларды ачып берип өлтүрүлгөн үчүн келе албагандар бар. Айрымдары болсо жалган жалаа жабылып, адилетсиз камалып отургандар бар. Айрымдар болсо сыртка чыгууга тыюу салынганы үчун келе албай калышты. Биз ушулардын баарынын эмгегин баалай жүрөлү” деди ал.

Өнүгүү боюнча азиялык маданий форумдун өкүлү Готхом Арья Палестина, Суданда болуп жаткан геноциддин фонунда жолугуунун өзү чоң мааниге ээ экенин белгиледи. 

«Биз бул жерде пикир алмашуу үчүн, келечектеги муун туш боло турган жаңы чакырыктарга жооп берүүгө даяр болуу үчүн байланыштарды бекемдөө үчүн чогулуп жатабыз».

«Биз дүйнөнү башкача кылуу мүмкүн деп эсептейбиз” деди форумдун өкүлү Готхом Арья.
Бангкок шаарында жарандык коомдун дүйнөлүк ири жолугушуусу өттү

Сүрөттөр: Бангкокто өткөн Жарандык коомдун эл аралык жумалыгынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты