Балыкчыдагы катуу шамалда ооруканадагы эки жаран жабыркады

  • 1 год мурун

Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып, натыйжада палатада дарыланууда жаткан эки жаран (1992-жылы туулган Ш. кызы Ж.  жана 2023-жылы туулган М.Т. аттуу кичине бала) жабыркаган. Абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык куткаруу кызматынан  ыкчам топ тартылды жана шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда, саат 06:22 чамасында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты