Балыкчыда модулдук үйлөрдү чыгаруу ишканасы иштейт

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-октябрда, Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчыга ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат.

Президент Садыр Жапаров ишкананын аймагын жана өндүрүш линияларын көрүп чыкты. Мамлекет башчысы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгиледи.

Модулдук үйлөр ротация менен республиканын башка аймактарына которулган райондордун акимдери, судьялары жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызматтык турак жай катары пайдалануу пландаштырылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты