Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулган балкондорду бузат

  • 1 неделя мурун

Шаар аймагында райондук администрациялар тарабынан мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоо иштери улантылууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Демонтаждалуучу объектилер тандалма негизде аныкталган эмес, буга чейин тиешелүү кызматтар менен бирге текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Белгиленген талаптарды бузуу менен курулган объектилердин ээлерине мыйзамда каралган тартипте тиешелүү эскертүү берилген.

Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылган. Анткени алардын катышуусусуз демонтаж жүргүзүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу айрым балкондор азырынча алынбай турат.

Ошол эле учурда мурда тиешелүү көрсөтмөлөр берилген бардык мыйзамсыз курулган балкондор милдеттүү түрдө демонтаждалат.

Төмөнкүлөргө жол берилбейт:

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлган талаптарга» ылайык, 121-пунктта төмөнкүлөргө жол берилбейт:

— балкондорду жана лоджияларды өз алдынча айнектөө;
— алардын көлөмүн өзгөртүү;
— түс чечимин өзгөртүү;
— тосмолордун сүрөтүн жана элементтерин өзгөртүү;
— жаңы балкон же лоджияларды куруу же барларын жоюу, эгерде бул фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн архитектуралык композицияны бузса.

Мындан тышкары, аталган токтомдун 128-пунктуна ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— эшик жана терезе көзөнөктөрүнүн архитектуралык формасын өз алдынча өзгөртүү;
— тосмолордун түсүн, көрүнүшүн жана тунуктугун өз алдынча өзгөртүү;
— балкондорду жана лоджияларды уруксатсыз реконструкциялоо, айнектөө жана тосмо конструкцияларын орнотуу аркылуу фасаддын архитектуралык чечимин өзгөртүү;
— балкондун же лоджиянын чегинде фасаддын айрым бөлүгүн өз алдынча сырдоо же каптоо.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты