Балыкчыда чала тоңгон көлмөгө түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды 

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 8-январда, саат 15:29да Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №19 нөөмөт бөлүмүнө Озерная көчөсүндөгү көлмөдө эки бала сууга түшүп кеткендигин милиция кызматкерлери билдирген.   

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жерге тартылган төрт куткаруучу чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, сууга түшүп кеткен өспүрүмдөрдү куткарып калышкан. Балдар “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты