Балкондон кулаган аялдын өлүмүнөн кийин кармалган эки чет элдик эки айга камакка алынды
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аталган райондо көп кабаттуу үйдөн балконунан кулаган аялдын өлүмүнөн кийин кармалган чет өлкөлүк эки жаранды 24-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
24-октябрда Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү үйдүн балконунан 37 жаштагы чет элдик аял кулап түшүп, каза тапканы маалымдалган. Бул факты Свердлов райондук ИИБде катталып, кылмыш иши ачылган.
Буга чейин айтылгандай, ал үйдөгү батирде 1988-жылы туулган чет өлкөлүктөр, 1987-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А. аттуу аял жашагандыгы белгилүү болгон. Үчөөнүн ортосунда чыр чыгып, Т.А. балкондон кулап түшкөн.
Чет өлкөлүк эки жаран В.Ю. жана В.Т. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына кармалган.
Сүрөт: Кармалгандар. Свердлов ИИБ басма сөз кызматы




