Көп кабат үйдүн балконунан чет элдик аял кулап, каза тапты. Чет элдик экөө кармалды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 24-октябрда, Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү үйдүн балконунан 37 жаштагы чет элдик аял кулап түшүп, каза тапты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты Свердлов райондук ИИБде катталды.   

Ал үйдөгү батирде 1988-жылы туулган чет өлкөлүктөр, 1987-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А. аттуу аял жашагандыгы белгилүү болгон. Үчөөнүн ортосунда чыр чыгып, Т.А. балкондон кулап түшкөн.       

Чет өлкөлүк эки жаран В.Ю. жана В.Т. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына кармалган.  

Көп кабат үйдүн балконунан чет элдик аял кулап, каза тапты. Чет элдик экөө кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттө: Кармалган чет элдик жарандар. Свердлов РИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты