Зыяндуу жыт чыгаруучу баллон колдон түшүп, эки окуучу ооруканада дарыланууда
- 11 месяцев мурун
27-февралда Бишкектеги мектептердин биринде окуучунун чөнтөгүнөн жыт зыяндуу жыт чыгаруучу «калемпир баллон» -перцовый баллон» түшүп, анын ичиндеги зат бөлмөгө чачылган окуя катталган.
Мектеп жетекчилиги «Тез жардам» кызматын чакырып, эки бала ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирип, ата-энелерин балдардын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
“Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган буюмдардан, анын ичинде зыян жыттарды чыгарган баллондор, тактап айтканда, «перцовый баллончик», тешүүчү жана кесүүчү нерселер, электр үн чыгаргыч мылтыктар жана башка коркунучтуу каражаттардан алыс кылып, тыкыр көзөмөлгө алууну суранабыз” деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери келип, тыюу салынган буюмду алып келген ата-энелерге жана балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Окуя борбордун шаарын №52 мектебинде болгону айтылууда. Эки окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатат.
Эскерте кетсек, зыяндуу зат чыгаруучу «калемпир баллон» өзүн өзү коргонууга багытталган. Аны сактоодо жана коркунуч жаралган учурда колдонууда өзүнө да этият болуу керек.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




