“Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга» Кыргызстандын кошулгандыгына 30 жыл болду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Балдар арасындагы теңсиздиктин жана жакырчылык көйгөйлөрүн моюнга алышыбыз керек. Калкты социалдык жактан коргоо чаралары ириде жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын камтууга, ошондой эле алардын дени сак жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүүчү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталат. Мамлекеттик социалдык жардам балдарыбызды коргоого багытталып, натыйжалуу болууга тийиш” деп айтылат кайрылууда.

“Бардык мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын активдүү жана жоопкерчиликтүү болууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө, анын прогрессивдүү адамдык потенциалын калыптандырууга салым кошууга чакырам” деди мамлекет башчы.

Балдардын укуктары жөнүндө конвенция бул маанилүү эл аралык документ, анда дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер жана өкмөттөр балдардын укуктарын сактоого макулдашат. Балдар укуктары жөнүндө конвенция 1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. 1990-жылы 2-сентябрда күчүнө кирген. Кыргызстан конвенцияга 1994-жылы кошулган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты