Балдарды коргоо күнү. Бишкекте эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалы өтүүдө

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 1-июнда, саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын майрамдык концерти өтөт.

Кечээ, 31-майда, Бишкекте эл аралык V «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Венгрия CIOFFунун президенти, Дүйнөлүк CIOFFтун балдар фольклордиадасы жана балдар фестивалдары боюнча комиссиясынын төрагасы Йозеф Стигетвари, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.

Фестивалга Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия, ошондой эле Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Тыва жана Татарстандын чыгармачыл жамааттары катышууда.

Фестивалга Кыргызстандын жети облусунан келген эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышып жатат.

Фестивалдын программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгууларын, мастер-класстар, эл аралык конференцияларды, элдик колдонмо искусство көргөзмөлөрдү, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтыйт.

Бүгүн, 1-июнда, балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты