Балбак Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады

  • 6 месяцев мурун

Парламентте агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутат Балбак Түлөбаев Улуттук банкта сакталып турган алтынды экономиканы өнүктүргөн долбоорлорго жумшоону сунуштады.

Ал 23-октябрдагы жыйында акчаны орто жана чакан бизнеске берүү керектигин айтты.

«Улуттук банкта 52 тонна алтыныбыз жөн эле жатат. Мисалы улуттук банктын деле кирешелерин мыйзам менен өкмөткө алып коюп жатпайбызбы. Кытайдын карызын төлөгүлө десем, эми туура нерселерди айтып жатасыңар. Азыр көрүнгөн фонддорду ачып жатпайбызбы, алардын натыйжалуулугун карашыбыз керек. Мыйзам менен бир миллиард долларлык алтынды алып өкмөткө берип койбойлубу. Ошол акчаны орто жана чакан бизнеске берсеңер, өлкөнү өнүгүүгө ошолор алып чыгат. Эмне үчүн жөн турган алтынды колдонбойбуз? Алтынды күрөөгө коюп, акча алып, аны орто жана чакан бизнеске бербейлиби. Алтын жөн эле жата бербей элге иштеши керек да».

Түлөбаевге финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, бул жабык каралчу маселе экенин, жакында атайын мыйзам долбоорун алып келерин билдирди.

Өткөн аптада Түлөбаев Улуттук банктагы алтындын эсебинен тышкы карыздан кутулууну сунуштаган. Анда министр Бакетаев Эл аралык резервдеги алтынга байланыштуу Улуттук банк иш алып барарын, өкмөт менен башкы банктын бюджети эки башка экенин түшүндүргөн. Ал тышкы карызды төлөөгө республикалык бюджеттин кудурети жетерин, карыз берүүчүлөр менен келишилген төлөмдүн графиги сакталышы керектигин айткан.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-август айларында Кыргызстан чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түзгөн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты