Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу пара менен колго түштү

  • 10 месяцев мурун

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжинин окутуучусунун пара талап кылуу фактысы аныкталды. Ал пара алып жаткан учурда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Окутуучу А.Ш.Д. жогорку окуу жайынын 1-курсунун студентин окуудан чыгарам деп коркутуп, акча талап кылган.

Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн А.Ш.Д. 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган жана пара адып жатканда кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты