Бала бакчада көз жумган наристенин окуясы: жакындары, тарбиячылар эмне дейт? (видео)
22-октябрда Сокулук айылындагы «Алтын балалык» мамлекеттик бала бакчасында беш жашар Алия чарчап калган. Анын таенеси Гүлнара Базарматова, тарбиячысы Алина Камчыбек кызы окуянын чоо-жайын “ПолитКлиника” медиасына айтып берди.
Алиянын ата-энеси тууралуу
Алия таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Анын ата-энеси төрт жыл мурун эки ажырым жолго түшүшкөн. Кыздын апасы турак жай алуу максатында чет өлкөгө мигрант болуп кеткен.
“Кызымдын 5 баласы бар, ал үй алуу максатында мигрант болуп чет өлкөгө кеткен. Үч баласын кайненесине, эки кызын мен багам. Алардын атасы башка шаарда жашайт. Ал балдарын бакканга катышкан эмес, андан эч кандай жардам жок. Бир жылда бир келет. Кызым ажырашуу боюнча арыз жазган. Күйөөсү макул болбой, расмий ажырашкан эмес. Алардын эки ажырым жолго түшкөнүнө 4 жылдан ашты”, — дейт Гүлнара Базарматова.
Алиянын таенеси окуянын чоо-жайына токтолду
“Алия шайыр, активдүү, ден соолугу чың болчу. Мен ошол күнү бала бакчадан кыздарды эрте алып кетейин деп тамак ашты даярдап жатсам, кичинекей тайпанын тарбиячысы чалып калды. Ал ыйлап жатыптыр. Мага “эже тез келип калыңыз, Алия көпкөк болуп, эч нерсе билбей жатат” деп айтты. Мен ал жерге баратып, «Тез жардамга» чалсам, «жибердик» деп айтышты. Бала бакчага кирсем экинчи кабаттан Алияны ороп чыгарып жатышыптыр. Эмне болду десем мени жолотушкан жок, буту чыгып туруптур, кармасам реакция берген жок. Жаман ойлор кетип баштады. Ооруканага жол тарттык. Ооруканага киргенде Алиянын чекесин кармасам муздап калыптыр. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бир саттан кийин дарыгер Алия каза болгонун угузушту. Кийин милициядан Алия бала бакчадан эле каза болуп калганын билдиришти. 27-ноябрда соттук-медициналык экспертизада кыз «кусундусуна какап калганы» тууралуу тыянак чыгарышты. 19-ноябрда ишти башка тергөөчүгө өткөрүшкөн. Ал тергөөчү суроолорума, телефон чалууларыма жооп бербейт. Барсам “менин колум бошобойт” деп айтат. Ушул аптада ага жолуксам “менин азыр колум бош эмес, жумуштарым көп, жетишпей жатам” деди. Анан менин тынчым кетип ар жакка кайрылдым. Прокуратурага арыз жаздым.
Экспертизасы дагы түшүнүксүз болгондуктан кыжалат болуп жатам. Эмнеден улам кусту? Себеби болуш керек да. Көптөгөн суроолорго жооп ала алган жокпуз. Ошон үчүн тынч отура албай, аракет кылып жатабыз. Тамактангандан кийин Алия “үшүп жатам” деп айтканын тарбиячысы билдирген. Үшүп жатса эмнеге текшеришкен эмес. Адам жөндөн-жөн үшүбөйт да. Эмнеге мага чалган жок? Мен барып алып кетмекмин. Жылуу кийинтип эле кутулуп кеттиби? Эмнеге тайпадагы беш жашар кыз “Алия турбай жатат” деп айткан? Кайдан турбай жатканы белгисиз. Тарбиячы эмнеге кабар албайт? Ал саат үч жарымга чейин балдарды жаткырып кетип калдыбы? Балдарды үч жарымда ойготсо, мага эмнеге саат төрттө чалышат. Ушулардан улам күмөн санап баштадым”, — деди Алиянын таенеси.
Тарбиячы Алия “үшүп жатам” деп айтпаганын билдирди
Аталган бала бакчанын тарбиячысы Алина Камчыбек кызы Алия ага “үшүп жатам” деп айтапагынын билдирди.
“Ошол күнү балдарга тамак берип бүткөндөн кийин аларды жаткырып баштадык. Жумуш күндөгүдөй уланып жатты. Саат 15:45те балдарды ойготкондо уйкусу кангандар биринчи турушту. Алияны ойготкула десем бир кыз барып, “Алия кусту” деп кайра мага чуркап келди. Мен карасам Алия кускан эмес экен, шилекейи агып калыптыр. Аны ойготсом турган жок, колума алсам эс-учун жоготуп коюптур. Колума көтөрүп алып, эшикке чыгып жардам сурап кыйкырдым. Ошондо бардык тарбиячылар келип, “Тез жардамга”, таенесине чалып жатышты. Жасалма дем алдыруу жасап жатты. Жасалма дем алдыруу жасап жатканда оозунан, мурдунан суу агат экен. Кан аралаш суу агып жатты, мен ошолорду тазалап жаттым. Ошондо “Тез жардам” келип калды. Алиянын таенеси менен ооруканага бардык. Бир сааттан кийин дарыгерлер Алия чарчап калды деп айтышты.
“Үшүп жатам” деген сөз болгон эмес. “Апам чечинбе үшүп каласың” деп айтканын менин жардамчым угуптур”, — дейт тарбиячы.
Бала бакчанын жетекчиси, тарбиячы иштен бошотулду
Бала бакчанын директорунун милдетин аткаруучу Айжан Канатбекова мурунку директор, тарбиячы, анын жардамчысы өз каалоосу менен жумуштан кеткенин билдирди.
Видеону толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыз.