Бала асырап алуу: Шарттары жана тартиби
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала асырап алуу ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана жашоо шарты оор балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү механизми болуп саналаарын эскертет. Бала асырап алууга балдардын укуктарын коргоо катары гана жол берилет жана процедура кылдат жана ар тараптуу мамилени талап кылат.
Бала асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арыз асырап алуучу тарабынан жашаган жериндеги камкордук органына берилет. Бул үчүн төмөнкү документтердин тизмесин берүү зарыл:
1. Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
2. Нике күбөлүгү.
3. Иштеген жеринен маалымкат, кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен.
4. Арыз ээсинин ден соолугу жөнүндө медициналык корутунду.
5. Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө.
6. Турак жайга менчик укугу жөнүндө документ.
7. Соттолбогондугу тууралуу
Бардык документтер чогултулгандан кийин камкордук бөлүмүнүн кызматкери арыз ээсинин турмуш-тиричилик шарттарын текшерет жана корутунду түзөт. Бала асырап алуу боюнча акыркы чечимди райондук сот кабыл алат, ал иштин бардык жагдайларын карайт.
Төмөнкү негизги пункттарга өзгөчө көңүл буруу керек:
— Асырап алуучунун жашы 60 жаштан ашпашы керек.
— Баланы асырап алуу процесси купуя жана мыйзам тарабынан жеке сыр катары корголот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан