Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын м.а. болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 28-мартта мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «жарлык менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындоого Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат», — деп жазылган.

Парламент анын талапкерлигин качан карары азырынча белгисиз.

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азиз Аалиев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы 28-мартта кабарланган.

49 жаштагы Бакыт Төрөбаев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган. Ага чейин «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан парламенттин үч чакырылышына депутат болгон. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты