Бакыт Төрөбаев кытай элчиси менен «Бедел» өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

  • 11 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, көзөмөл бекеттеринин ишин жакшыртууну, соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону жана кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады.

Андан сырткары, жолугушууда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө сөз болду.

«Жакын арада президент Садыр Жапаровдын Кытайга мамлекеттик сапары жана өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иш сапары болот. Мындан улам биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем”, – деген Төрөбаев.

Учурда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында Нарын облусунда “Торугарт”, ал эми Ош облусунда “Эркечтам” өткөрмө бекеттери иштейт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты