Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.  

Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу бошотулганы айтылды.

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп, андан кийин министр болуп, мындан жети ай мурда дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, агартуу министрлиги жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп түзүлгөнү тууралуу жарлык чыккан.

Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин орун басары, юстиция министрининин орун басары кызматтарында иштеген.

Сүрөттө: Бактияр Орозов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты