Байсалов «Helvetas» уюмунун лыжа машыктыруучуларын окутуу программасынын катышуучулары менен жолугушту
- 3 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 25-январда Каракол шаарында Швейцариянын «Helvetas» уюмунун лыжа машыктыруучуларын окутуу программасынын катышуучулары менен жолугушту.
Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.
МинКаб башчысынын орун басары катышуучуларга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.
Программа Кыргызстанда таанылган швейцариялык мектептин моделине негизделген жогорку европалык стандарттарга ылайык келген лыжа машыктыруучуларынын улуттук мектебин түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.
«Helvetas программасы— биздин өлкөнүн туруктуу туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз Швейцария өкмөтүнө жана «Helvetas» уюмуна Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазыбыз. Программанын катышуучулары өлкө боюнча машыктыруучулардын улуттук мектебинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенебиз» Байсалов.
Сүрөт: gov.kg