Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү программасы бекитилди

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды. 

Ага ылайык чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасы, аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы,  мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы жана бюджети бекитилди. 

Программанын негизги максаты – 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу жана чакан жана орто ишкердиктин ички дүң продукцияга кошкон салымын көбөйтүү, иш менен камсыз кылууну арттыруу, экспорттук дараметин кеңейтүү жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү аркылуу экономикада структуралык өзгөрүүлөргө жетишүү болуп саналат.

Программаны ишке ашыруу координация, санариптештирүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерине негизделет. Негизги механизмдер катары чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын консорциумун түзүү жана ишкерлер үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин камсыз кылган «МСП Хаб» санариптик платформасын киргизүү каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты