Телекөрсөтүүлөрдө мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик программалардын көлөмү 60%дан кем болбошу керек

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-январда, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде өлкөдөгү телеуюмдардын жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн ошондой эле, «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланды.

Министрлин орун басары Марат Тагаев Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдын 8-беренесине ылайык, телерадиоуюмдардын маалыматтык ишинде мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалардын жана берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60 пайыздан кем болбошу керектигин белгиледи.

-Жеке телеканалдарга өз стратегиясы менен өнүгүүсүнө тоскоол болбойбуз. Бирок мыйзамдын талаптары, айрыкча кыргыз тили боюнча ченемдер сакталууга тийиш. Айрым жеке телеканалдар мыйзамдын талабын аткаруу максатында гана он жыл мурдагы бир кыргызча программаны күн сайын кайра-кайра көрсөткөн көрүнүштөр бар. Алар мындай жол аркылуу мыйзамдын талабын аткарган менен керектөөчүлөрдүн, телекөрүүчүлөрдүн дагы укугун бузуп жатат. Бул телекөрүүчүнү сыйлабастык. Мындай тасма гана көрсөткөн телеканалдар өзүнүн продукциясын өндүрүп, чынында иштеп жаткан телеканалдардан жарнамадан түшчү каражаттарды дагы бөлүп кетип жатат,-деди.

Мындан улам Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда иш алып барган бардык телеканалдарга “Кыргызфильмдин” казынасында турган 400дөн ашык толук метраждуу жана документалдуу тасмаларды, 40тан ашык анимациялык мультфильмдерди жана акыркы жылдары “Кыргызсериал” мекемеси тарабынан тартылган 10дон ашык сериалдарды бекер берүүнү чечти.

Кыргызстанда иш алып барган телеканалдар 1,5 айдын ичинде бул мекемелер менен келишим түзүп, контентин толуктоо керек.

Контенттин сапатын жана мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча пландуу текшерүү иштери 2026-жылдын март айында башталат.

Эгерде белгиленген мөөнөттө келишимдер түзүлбөсө, айтылган сунуш эске алынбаса, 2026-жылдын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.

Учурда Кыргызстанда 42 телеканал иш алып барса, анын экөө — УТРК жана ЭлТР — мамлекеттик каржылоодо.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында лицензиялык контроль жүргүзүү тартибинде белгиленген талаптардын бузулушу аныкталып, 18 телерадиоканалга эскертүү берилсе, 4 субъектке айып пул салынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты