Байсалов: Атамбаевдин окуясын Сооронбай Жээнбековго каршы койбоону  өтүнөм

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошонушуна Фейсбук баракчасы аркылуу коммментарий берди.

-Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Адам катары, анын жубайы, балдары үчүн баары кубанып турушат. Дээрлик 3,5 ай биздин шартыбызда, камакта болуу бул абдан узак убакыт. Бир үйдө майрам болуп жатканына баары кубанып турат  Күйөөсүн, атасын, чоң атасын бек кучактап турганына баары кубанычта.

Биздин коом алдыга жылыш керек жана эски таарынычтарга, ызага алдырбаш керек.

Бийлик бүгүн эски баракты артка таштап, тарыхтын жаңы барактарын ачып жатат.  Биз бейпилдикте бирге жашап, өлкөнү көтөрүшүбүз керек. ЖМКны жана комментаторлорду Атамбаевдин окуясын Сооронбай Жээнбековго каршы койбогула деп айтаар элем.

Жөн гана фактыны келтире кетейин. Атамбаев эбегейсиз аракет менен, биздин бардык жазылган жана жазылбаган мыйзамдарды бузуп, өз кишисин тандап, өзүнүн тандоосун бүт элге таңуулады, ошону менен дээрлик коңшулар менен согуш абалына алып келип, жапырт түрмөгө камоо, атаандашын түрмө менен коркутту, -деди Эдил Байсалов.  

-Бирок анын Жээнбеков  номиналдуу мамлекет башчы болот деген ою аткарылбай калды. Бул жерде сөз достук тууралуу жүрүп жаткан жок. Бул — негизги мыйзам Конституцияга жана демократияга байланыштуу. Жалпы эл тарабынан шайланган адам гана президент болот. Башка эч кандай жүрүш кабыл алынбайт.  Эч ким эч кимди сатып кеткен жок.  Атамбаевдин өзү мамлекеттин негизине кол салып, толкундоолорду уюштурууну, жалпы эл тарабынан шайланган Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү ойлоду. Эс алып, өзүнүн супермиллиарддарына магдырап жаткандын ордуна, шайлоодон эки айдан кийин эле Жээнбековду “Бакиевдик” деп жана башка айыптарды такты, өзү болсо ошонун алдында эле анын талапкеринин идеалдуулугуна ишендирип жаткан болчу.  Ошол кездеги мыйзамдуу мамлекет башчы анан эмне кылмак эле?   Сыйлай турганын көп ирет айтууга далалаттанса да, болбоду.   Атамбаев баарына эле төңкөрүш жасай турганын айтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын ортомчу болууга аракеттенген стратегиялык өнөктөштөрүнө да айттырган. Андан эч кандай майнап болгон эмес.  

Ошол кездеги тергөө органдарынын Атамбаевге каршы козгогон ишинин негиздүүлүгү тууралуу комментарий бергим келбейт.  

Атамбаевдин эң чоң кылмышы бул анын мыйзамга жана мамлекетке баш ийгиси келбегенинде.  Ал тергөө иш-чараларына келиши керек болчу. Атамбаев өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору коюп алды. Ошондон улам жана анын ок атуучу куралды колдонуу аракетинен адам өмүрү кыйылды.  Офицер Үсөн Ниязбеков каза тапты.  Чүй ИИБ башчысы Самат Курманкулов майыптык алды. Бул тууралуу да унутпайлы.

Ошондуктан баарыбыз туура жыйынтык чыгаралы. Эч ким өзүн мамлекеттен жана мыйзамдардан жогору койбошу керек. Эгер биз бирөөгө чакыруу кагазын тоготпой коюуга жол берсек, анда эртең биз Сомалидегиден айырмаланбай калабыз. Өлкөнү талаа командирлери  башкарып калат. Ким-кимди сатып кетти деген суроо коюлбашы жана жеке мамилеге такалбашы керек. Мыйзам деген мыйзам. Мамлекеттин укугу гана эмес, ал ар бир кишини мыйзамга баш ийүүгө милдеттендирүүсү да болушу шарт. Элдин жана ар бирибиздин кызыкчылыгыбыз үчүн. Мамлекет эч кимге элдин бийлигине-демократияга каршы турууга жол бербейт, -деп жазды Эдил Байсалов.     
 

Кечээ, 14-февралда үч жарым ай абакка жаткандан кийин Алмазбек Атамбаев абактан чыгарылды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты