Байсалов: 2005 жана 2010-жылдардагы революция элдин адилет жана ачык башкарууга болгон эркин билдирген
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарында, тарых музейинде 2005-жылдагы Март революциясынын 20 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына арналган “Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга эксперттер, илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чогулуп, революциялык окуялардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, келечекке багыттарды белгилешти.
Аталган конференцияны Илимдер академиясы уюштурган. Жыйынды академик Абдыганы Эркебаев алып барды.
Илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылган. Жыйындын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева сөз сүйлөдү.
Эдил Байсалов элдик ыңкылаптар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процессин улантууда чечүүчү роль ойноп, улуттун жетилишинин жана нукура демократиянын орношунун этаптары болгонун баса белгиледи.
Анын айтымында, дал ошол каргашалуу күндөрдө элдин чечкиндүүлүгүнүн аркасында эркин коом жана жоопкерчиликтүү бийлик куруунун пайдубалы түптөлгөн.
«2005 жана 2010-жылдардагы революциялар мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүүсүнүн этаптары болуп, элдин адилет жана ачык башкарууга болгон эркин билдирген” деп белгиледи Байсалов.
«Биз жашоо деңгээлинин туруктуу жогорулашына жетиштик жана биздин алдыбызда өлкөнүн социалдык-экономикалык тез өнүгүүсү үчүн жаңы горизонттор ачылууда» деди ал.
Эдил Байсалов конференция тарыхый сабактарды түшүнүү, басып өткөн жолду талдоо, Кыргызстандын туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө салым кошо турган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калаарына ишенимин билдирди.
Конференцияга эксперттер, илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чогулуп, революциялык окуялардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, келечекке багыттарды белгилешти.
Сүрөт: gov.kg




