Бишкекте элдик революцияга арналган конференция өтүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-мартта, Бишкектеги тарых музейинде элдик революцияларга арналган “Элдик революциянын максаттары жана сабактары” аттуу конференция өтүүдө. Илимий-практикалыкконференция 2005-жылдын 24-мартындагы революциясынын 20 жылдыгына, 2010-жылы 7-апрелдеги революциянын 15 жылдыгына арналган.

Аталган конференцияны Илимдер академиясы уюштурган. Жыйынды академик Абдыганы Эркебаев алып барууда.  

Иш-чарага илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылган. Жыйындын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева сөз сүйлөдү.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция “Жоогазын революциясы” деген ат менен белгилүү болуп, анда эл коррупциясыз, адилеттүү коом курууга түп көтөрүлүп чыгып, бийлик алмашкан.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Иллюстрациялык архивдик сүрөт: 2005-жылдагы Март революциясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты