Байгазиев: Токтогул суу сактагычында 7,7 млрд куб суу турат. Бул — соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч

  • 2 месяца мурун

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев журналисттерге билдиргендей, жылытуу маалы башталган өткөн жылдагы күзгү мезгилдеги божомол боюнча 2024-жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд кубга түшөрү болжолдонгон. Бирок керектөө өсүп, 7,7 млрд куб суу турат.

«Бирок керектөө өсүп, 4-мартка карата Токтогулда 7,7 млрд куб суу турат. Бул — соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч. Токтогул суу сактагычындагы суу 6,5 млрд метр кубга жетсе, анда ГЭС авариялык абалга кептелет. Эгер керектөөлөр ашыкча боло берсе, анда биз чектөө киргизүүгө мажбур болобуз. Ушундан улам эртең менен жана кечинде жылытуу жабдыктарын өчүрүп, энергияны үнөмдүү колдонууңуздарды өтүнөм. Биз күнүмдүк 54 млн квт саат лимиттен чыкпоого аракет кылышыбыз керек. Эгер коңшулар бизге берип жаткан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүп берсе, суу сактагычтагы суу 7,5 млрд метр кубдан төмөн түшпөйт» деди Байгазиев.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. 2024-жылы Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты