Бахадыр Конуров БШКга жаңы мүчө катары тааныштырылды  

  • 2 месяца мурун

24-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШКга жаңы мүчө Бахадыр Конуровду тааныштырды.

Бул тууралуу БШК сайтында маалымдалды.  

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конуров Бахадырдын талапкерлигин карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. 

Конуровдун талапкерлиги “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталып, жалпы 72 депутат анын талапкерлигин колдогон.

Жогорку Кеңеш 12-мартта, Искандер Гайпкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карады. Искандер Гайпкулов БШК мүчөсүнөн бошотулду.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты