Багуучусунан айрылган балдарга төлөнүүчү пенсиянын көлөмү жогорулатылды

  • 2 года мурун

Багуучусунан айрылган балдарга төлөнүүчү пенсиянын көлөмү жогорулатылды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чечимге ылайык, багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленген ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

Багуучусунун биринен айрылган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү ушул жылдын 1-октябрынан тартып 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Бүгүнкү күндө Социалдык фонддун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондугу боюнча 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 бала бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты