Баңгизат ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды  

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы агенттигинин кызматкерлери тарабынан Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу
жана сатуу каналына бөгөт коюлду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен бирге өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган  М.Н. аттуу жүргүнчүсү бар 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Тойота Ист” үлгүсүндөгү  унаа токтотулган.
Аталган  унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде 9 таңгак  жана 1  баштык зат табылган. Ал  зат кочкул-күрөң түстө болуп, жапайы өскөн кара куурайдай (Ооганстанда  өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты болгон.
Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал  зат  10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган.
Кармалган  жаран М.Н. Токтогул районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты