Баңгизат сатууга шектелген чет элдик жарандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети (УКМК) тарабынан чет элдик жаранды барымтага алуу, андан акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, КР миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Египеттин 5 жараны кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, чет өлкөлүк кармалган жарандар социалдык тармак аркылуу дайыма гашиш баңгизатын сатып алуу менен алектенгендиги аныкталды. Баңгизат чет өлкөлүк студенттерге сатылган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңгизаттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны   Ш.А.Х.  Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жаткандыгы белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты