Баңгизат менен эл аралык байланышы бар кылмыштуу топ кармалды

  • 3 года мурун

ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад Чек ара кызматынын ыкчам иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте эл аралык байланыштары бар баңгизаттарын ташуу менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү.

Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстан жана Казакстан, Россия аймагына ири көлөмдө Афганистанда өндүрүлгөн оор баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

1971-жылы туулган Н.М. дан Бишкек шаарынан кармалып, анын жанынан спорттук сумканын ичине салынган апийим баӊгизатына окшогон 10 даана жана гашиш баӊгизатына окшогон 1 даана скотчко оролгон заттар алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу менен скотчко оролгон заттын таза салмагы 9 кг. 790 гр. болгон апийим баӊгизаты жана 1 кг. 5 гр. болгон гашиш баӊгизаты болуп чыккан.

Бул кылмышка тиешеси бар Жалал-Абад облусунун «Маданият» чек-ара өткөрмө бекетинен Ноокен районунун тургуну 1960-жылы туулган К.А. Өзбекстанга өтүү учурунда кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 2 кг.дан ашык Афганистандаөндүрүлгөн гашиш баӊгизаты алынган.

Кылмышка шектүү катары кармалган Н.М. жана К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө амалдары улантылууда.

Сүрөт: Жалал-Абад ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты